Шопоков шаарынын мэри суу менен камсыздоо тармагындагы аварияны жоюуну жеке көзөмөлүнө алды.

Январь 21, 2026 - 10:40
 30

Шопоков шаарынын тургундарынын ичүүчү суунун жоктугу боюнча көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, Шопоков шаарынын мэри Норузбаев Р.Д. авария болгон жерге өзү барып, авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү. Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күчү менен авария ыкчам жана толук көлөмдө жоюлду. Ичүүчү суу берүү калыбына келтирилди.