20-январда шаардын борбордук көчөлөрү муз тоңгон кар жана муз катмарынан тазаланды
20-январда Жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери тарабынан шаардын борбордук көчөлөрүн тоңгон кардан жана муздан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Иштер жол кыймылынын коопсуздугун жана жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жүрүшүн камсыз кылуу максатында аткарылды. Тазалоо белгиленген нормалар менен талаптарды сактоо менен пландуу түрдө жүргүзүлдү.