Шопоков шаарында социалдык контракттын алкагында эки үй-бүлөгө 100 миң сомдон сертификаттар тапшырылды

Январь 15, 2026 - 13:41
Январь 15, 2026 - 13:53
 38
Шопоков шаарында социалдык контракттын алкагында эки үй-бүлөгө 100 миң сомдон сертификаттар тапшырылды
Шопоков шаарында социалдык контракттын алкагында эки үй-бүлөгө 100 миң сомдон сертификаттар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө» токтомунун, Шопоков шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы №27 токтомунун, ошондой эле Шопоков шаарынын социалдык комиссиясынын 2025-жылдын 10-декабрындагы №14/А протоколунун негизинде, турмуштук оор кырдаалда турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында социалдык контракт программасы ишке ашырылууда.

Аталган чечимдердин негизинде Шопоков шаарынын 2025-жылкы бюджеттинен социалдык контракттын алкагында ар бирине 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү сертификаттар төмөнкү жарандарга тапшырылды:

Мамырканова М.Б., Тургенева көчөсү №55 дарегинин тургуну, көп балалуу «Баатыр эне» макамына ээ, мал багуу багыты боюнча ишкердик ишмердүүлүк менен алектенүүгө;

Секретина К.В., Комсомольская көчөсү №11 дарегинин тургуну, жалгыз бой эне, тигүү багыты боюнча ишмердүүлүк жүргүзүү максатында тигүүчү машинаны алып, иш баштайт.

Берилген сертификаттар жарандардын киреше алып келүүчү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, өз алдынча ишкерликти баштоого жана үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган.

Шопоков шаарынын мэриясы мындан ары да социалдык контракт программасын калктын аз камсыз болгон катмарын, анын ичинде жалгыз бой